28.08.2018 16:48

Бишкек шаарында «Ата-Түрк» паркы өрттөнүп жатат

Бишкек шаарында «Ата-Түрк» паркы өрттөнүп жатат

Бишкек шаарында «Ата-Түрк» паркы өрттөнүп жатат. Бул туурасында Фейсбук колдонуучусу өз баракчасына жазып, тасмасын жарыялаган. 

April.kg порталына ӨКМден билдиришкендей, өрт өчүрүүчүлөр  парк өрттөнүп жатканы тууралуу кабардар. Маалымат саат 16:09да түшкөн. Тилсиз жоо куурап калган чөптөрдү күйгүзгөн. Жеринде эки өрт өчүрүүчү бөлүк иштеп, жалынды өчүрүү аракети көрүлүүдө.